• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК Бишкектен мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 4,5 миң бөтөлкө алкоголду тартып алды

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектеги "Азиз" базарынын аймагындагы рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө жасалма жана иш жүзүндөгү көлөмүнө ылайык келбеген акциздик маркалар менен алкоголдук буюмдар тартып алынган. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 900 миң сомдон ашык суммадагы 4 миң 571 бөтөлкө алкоголь продукциясы алынган.

Эскерте кетсек, ишкердик субъекттерине карата материалдар КР мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий