• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК борбор калаада бир катар мектептерде салыктык сабаттуулук боюнча сабак өткөрдү

Экономика 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына арналып уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкектин 2 жалпы билим берүү уюмунун 8-11-класстарынын окуучулары үчүн “Салыктык сабаттуулук сабактарын” өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматынын кызматкерлери кызыктыруу формасында окуучуларга Кыргызстандын салык тутуму, викторина, сынак жана башка интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен салыктардын түрлөрү тууралуу айтып беришти.

Мындан тышкары, бардык катышуучуларга “Акча алиппеси” (3 бөлүмдөн турган), “Салыктар тууралуу”, “Салык режимдери тууралуу” “Салыктык текшерүүлөр тууралуу” аттуу китепчелер таратылды. Анда жеткиликтүү формада салык кызматы, салыктарды төлөөнүн жөндөмдөрү, анын ичинде интернет-банкинг аркылуу төлөө, МСКнын “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча салык төлөөчүлөргө салык кызматынын комплексин сунуштаган сервис борборлорунун иши тууралуу пайдалуу маалыматтар камтылган. Таратылган бардык материалдар 2 тилде (мамлекеттик жана расмий) даярдалган.

Жыйынтыгында мектеп окуучуларына Салык кызматынын чейрек кылымдагы ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий