• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

МСК: БСД туура жана убагында берилишине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жеке өзү жооптуу

Экономика 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Декларациянын туура жана убагында берилишине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жеке өзү жооптуу, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, өзүнүн расмий сайтында Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кечиктирип берген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялагандан кийин, тизмеге түшкөн бир катар кызматкерлер, алар тарабынан тапшырылган декларациянын мөөнөттөрү боюнча дооматтары менен МСКга кайрылышууда, ал эми ММКда алардын БСДны мөөнөтүнөн кечиктирип тапшыруу фактысы боюнча кээ бирлеринин комментарийлери пайда болду.

Айтуулары боюнча, алар декларацияны өз убагында тапшырышкан, ал эми каталар салык органында кетирилген. Мында, алардын көпчүлүгү декларацияны алгач, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бекитилген форма боюнча эмес, башка категориядагы жеке жактар үчүн бекитилген форма боюнча толтургандыгын жана тапшыргандыгын моюнуна алып жатышат.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында жана туура берилишине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өзү жооптуу экендигин белгилеп кетүүнү зарыл деп эсептейт.

2017-жылдын 2-августундагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамга ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча толтурулган декларацияны ушул жылдын 1-апрелине чейин берүүгө милдеттүү.

Мында ушул жылдан тартып, декларация, буга чейинкидей кагаз түрүндө эмес, декларанттын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта берилүүдө. БСДны автоматташтырылган программа кабыл алат жана автоматтык түрдө отчетту кабыл алуу күнүн жана убактысын көрсөтүп иштеп чыгат. Бул болсо кишилик фактордун катышуусун жана таасирин жок кылат.

Декларациянын электрондук түрүн толтуруп жөнөткөндөн кийин БСДнын жөнөтүлүнүшү жана салык органы тарабынан кабыл алынышын текшерүү – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин өзү үчүн маанилүү. Башкача айтканда, декларацияны толтуруп, салык кызматынын расмий сайтындагы жеке кабинети аркылуу жөнөткөн декларант, программа декларацияны иштеп чыккандан кийин, күнүн көрсөтүү менен отчетту кабыл алгандыгы жөнүндө же күнүн жана себебин көрсөтүү менен отчетту кабыл албагандыгы жөнүндө берилүүчү маалыматты күтүүсү зарыл.

Мындан тышкары, мамлекеттик же муниципалдык кызматкер отчеттук жыл үчүн мурда берилген декларацияга отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен өзгөртүү жана же болбосо толуктоо киргизе алат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-октябрына карата 1 миң 754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Бирдиктүү салык декларациясын мөөнөтүнөн кечиктирип тапшырды.

БСДны мөөнөтүнөн кечиктирип тапшыргандар жөнүндө маалымат www.sti.gov.kg сайтында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациясы» рубрикасында жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий