• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МСК бузук ККМди колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчилик каралгандыгын эскертти

Экономика 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бузук ККМди колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчилик каралгандыгын эскертти.

Маалыматка ылайык, акыркы убакта МСКга “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясына катышкан жарандардан чектеги QR-коддун сапаты начар болгондуктан кодду сканерлөө мүмкүн болбой жаткандыгы тууралуу көптөгөн даттануулар келип түшкөн.

Ушуга байланыштуу ишкерлерге бузук ККМди колдонгондугу үчүн эскертүү берүүгө же айып салууга алып келерин Салык кызматы эскертет. Жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге 13000 сом айып каралган.

Контролдук-кассалык машиналар төмөнкү учурларда жараксыз деп эсептелинет:

– ККМге коюлган техникалык талаптарда каралган операцияларды аткарбайт же каталары менен аткарат, кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгарбайт, окулбай басып чыгарат же толук басып чыгарбайт;

– салык кызматы тарабынан контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ККМде камтылган жана/же зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча берилүүчү маалыматтарды алууга жол бербейт;

– провайдер (байланыш оператору) тарабынан берилүүчү байланыш жок болгон же маалыматтык системанын ишиндеги мүчүлүштүктөр болгон учурларды кошпогондо, зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго бербейт.

Административдик жоопкерчиликке тартылбоо үчүн Салык кызматы субъекттерге белгиленген талаптарды сактоону жана колдонулуп жаткан ККМдин талаптагыдай иштешин эң кыска мөөнөттө камсыз кылууну сунуштайт.

ККМдин иштешинин тууралыгын QR-кодду сканерлөө жолу менен, салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу же кассалык чектин QR-кодунун астында көрсөтүлгөн чектерди текшерүү сайты аркылуу өз алдынча текшерүүгө болот.

Бүгүнкү күндө Салык кызматынын кызыктыруучу лотереясынын катышуучуларынын саны 110 миңден ашык адамды түздү, алар күн сайын 76 миңге жакын чекти сканерлешүүдө.

Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереяны кассалык тартипти сактоого элдик контролду мобилизациялоо, ошондой эле ишкерлерде контролдук-кассалык чектерди берүү адатын бекемдөө максатында өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий