• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК: Чек арадан 1,2 миңден ашык мал жана товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Коом 0


Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан 1 миң 226 баш жандык жана бодо мал жана бир катар башка товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарынын жанындагы товарларды эсепке алуу пункттарынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бодо малдарды, улпак, арпа, жумуртка, минералдык плита жана башка товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташты.

Атап айтканда, "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунан 272 баш ири мүйүздүү мал, 910 баш майда жандыктар, 22 тонна улпак, 22 тонна арпа, 22 тонна түтүк, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончо алып келе жаткан жүк ташуучу унаалар кармалган.

“Чалдыбар” товарларды эсепке алуу пунктунан 69 баш жылкы, 15 баш бодо мал, 15 тонна тоок жумурткасын, 2 бирдик авто транспорттук каражаттарды жана гигиеналык каражаттарды алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.

Ошондой эле "Ак-Жол" товарларды эсепке алуу пунктунан 2 тонна чай, 2 тонна малдын майын жана чогултулган жүктү ташып бара жаткан унаа кармалган.

Бардык импорттоочулардын товарларды алып келүүгө уруксат кагаздары болгон эмес.

Мыйзам бузуу материалдары мыйзамдарга ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдүү топко берилди.

Пикир

Оставить комментарий