• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

МСК дээрлик 10 миң ишкердин 621,7 млн сом суммасындагы туум, айып жана санкцияларын эсептен чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2020-жылдын августунан тартып 2021-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде 9 миң 994 субъектинин 621,7 млн сом суммасында туум, айып жана салык санкцияларын эсептен чыгарган. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен 6 миң 876 салык төлөөчүгө 458,2 млн сом суммасындагы туумдар, санкциялар жана айыптар эсептен чыгарылды. Алардын ичинен туумдар 416,3 млн сомду, салык санкциялары – 41,9 млн сомду түздү. Бюджетке 4 миң 253 салык төлөөчүнүн салык карызынын негизги суммасы боюнча 443,4 млн сому төлөнгөн.

Дагы 3 миң 118 субъекттин 163,5 млн сом суммасындагы туум, айыптары жана санкциялары эсептен чыгарылды. Бюджетке 3 миң 677 салык төлөөчү тарабынан 307,6 млн сом суммасындагы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын негизги суммасы төлөнгөн.

Белгилей кетсек, төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы "Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чегерилген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялары, айыптар боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөп берүү менен эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышат.

Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 1-июлуна чейин 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги карызынын суммасын төлөгөндөр айыптарын, санкцияларын жана туумдарды 100 пайызга эсептен чыгарышкан. Карыздын негизги суммасын 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөгөн төлөөчүлөр жана жарандар үчүн эсептен чыгаруу суммасы 50%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий