• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК эки айда 35,9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-февраль айларында 35 млрд 951,9 млн сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Салык кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 455,4 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 26 млрд 526,6 млн сом салык жана төлөмдөр, 9 млрд 425,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий