• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК: Импорттоочулар төмөндөтүлгөн наркты көрсөтүү менен товарларды ташып келүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Импорттоочулар салык төлөөдөн баш тартуу максатында Кыргызстанга товарларды төмөндөтүлгөн наркты көрсөтүү менен ташып келүүнү улантууда. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев башында турган делегация кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктуна келген учурда билдирди.

“Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктуна экономика жана коммерция министрлигинин, айыл чарба министрлигинин, санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация жүктөрдү алып өтүү режими, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып ишке киргизилген «Жыйынды пост» маалыматтык системасынын иши менен таанышып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарлардын алып келинишине бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Салык кызматынын башчысы азыркы учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келген импорттоочулар алардын кайда жүргөндүгүнө карабастан онлайн форматта коштомо кагаздарды тариздешээрин, ошондой эле салык органынан товарды ташып келүү үчүн маалымкаттарды МСКнын сайтындагы "Жеке кабинети" аркылуу алышаарын белгиледи.

«Башкаруунун жакшырышынан жана "Жыйынды пост" системасын ишинен улам ушул жылдын 10 айында кыйыр салыктын түшүүлөрү өткөн жылга салыштырмалуу 8,6 млрд сомго көбөйүп, 142,9% өсүү ыргагы менен 28,7 млрд сомду түздү», – деди Алтынбек Абдувапов.

Бирок, анын сөзү боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө салык төлөөдөн качуу аракетинде ар кандай жолдорду таап жаткан ак ниетсиз ишкерлер да бар.

Атап айтканда, товарларды ташып келүүдө товарлардын төмөндөтүлгөн наркын көрсөтүү менен коштомо кагаздарды тариздешүүдө. Мисалы, 1 кубометр жыгач материалын 1500 сомдон, 1 килограмм күрүчтү 3 сомдон, 1 литр күн карама майын 4 сомдон алып келишет. Ошол эле учурда Кыргызстандын базарларында бул товарлардын реалдуу баасы иш жүзүндө бир нече эсе жогору.

Мындай ишкерлер менен издөө, каттоого алуу, материалдарды тиешелүү органдарга өткөрүп берүү өңдүү тиешелүү иштерди Салык кызматынын кызматкерлери жүргүзүшүүдө.

Алсак, ушул жылдын башынан бери Салык кызматы мобилдүү топторго ташылып келүүчү жүктөргө товар коштоочу документтерди бербеген факт боюнча 1 миң 399 материалды, анын ичинде "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунан 950 материалды өткөрүп берген.

Иш сапардын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташылып келинген товарларды эсепке алуу иштерин жакшыртуу боюнча башка бир катар маселелер талкууланды.

Алсак, Салык кызматынын системасын интеграциялоону бирдиктүү тармакты түзүү үчүн салмак-габариттик, фитосанитардык жана ветеринардык контролдун маалыматтык системасы менен жакшыртуу, ошондой эле Салык кызматы тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып келүү менен алектенген тобокелдик жараткан субъекттердин автоунааларына контролдук пломбаларды коюу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, бул Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген товарлардын иш жүзүндөгү дарегин жана декларацияланган жүктүн иш жүзүндө шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттардагы транспорт министрлигинин салмак-габариттик контролдоо, айыл чарба министрлигинин фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо функцияларын Салык кызматына өткөрүп берүү зарылчылыгы белгиленди.

"Ушул жана башка чаралар товарларды импорттоону башкарууну жакшыртууга жана товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Кожошев.

Иш сапардын жыйынтыгында А. Кожошев ташып келинген товарлардын эсебин мыйзам чегинде так жүргүзүүнү, ишкерлерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий