• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

МСК: Караколдо салык кызматкеринин кармалышы анын кызматтык ишине байланыштуу эмес

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Ысык-Көл облусунун Каракол шаары боюнча башкармалыгынын кызматкеринин кармалышы анын кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес жана салык органынын ишине эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол шаары боюнча салык органынын кызматкерин опузалоо фактысы боюнча кармоо айылдаштарынын ортосундагы жеке жарандык мамилелердин алкагында жүргүзүлгөн жана анын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий