• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: ККМди каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча кызматтар акысыз көрсөтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун жаңы тартибине ылайык, ККМди каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр фискалдык маалыматтардын операторлору тарабынан акысыз негизде жүргүзүлөөрүн салык төлөөчүлөргө эскертет.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашырылууда.

Өз экономикалык ишинде МСКнын автоматташтырылган системасында катталган аппараттык ККМди колдонгон ишкер субъекттер аларды толуктап иштеп чыгуу (модернизациялоо) үчүн өздөрүнүн техникалык тейлөө борборуна кайрылуусу керек.

Кеңири маалыматты салык кызматынын расмий сайтынын башкы бетиндеги “ФМО (фискалдык маалыматтардын оператору)” бөлүмүндө көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча фискалдык маалыматтардын операторлорунан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий