• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоонун 3-этабынын алкагында коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашырат

Экономика 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган Системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын 3-этабын ишке ашырууга киришти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты

Маалыматка ылайык, ал планга ылайык, 3-этабында салык органдарында 7 коррупциялык тобокелдиктер демонтаждалууга тийиш, анын ичинде мыйзам чыгаруу иши (салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү), ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоодо салыктарды жана кыйыр салыктарды башкаруу, салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо, салык контракты, КНСти эсепке алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу иштери аныкталган.

Аталган коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо максатында Салык кызматы 33 чарадан турган коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашыруусу зарыл.

"Атап айтканда, жеке ишкердик ишмердүүлүгүнүн жана жеке эмгек ишинин ар кандай түрлөрү үчүн ыктыярдуу патенттин ставкасын эсептөө методиксын иштеп чыгуу, Бирдиктүү салык декларациясын берүүнүн максатын салык отчеттуулугунун жоболору менен шайкеш келтирүү, тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө аркылуу салык отчетторунун формаларын жөнөкөйлөтүү иштери турат. Ошондой эле салык отчетун берүү мөөнөттөрүн шайкеш келтирүү, “Салык төлөөчүнүн кабинетин” КР Салык кодексинин талаптарына ылайык келтирүү, транспорт салыгын төлөө фактысын ырастаган атайын чаптамаларды жокко чыгаруу, салык төлөөчүнүн катышуусуз жайгашкан орду/жашаган жери өзгөрүшүнө байланыштуу салык төлөөчүлөрдү кайра каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, ЕАЭБдин алкагында салык отчетторун берүү механизмин жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн аларды талдоо, ЕАЭБден импорттоо/экспорттоо чөйрөсүндө салык төлөөчүлөр менен болгон иштерди оптималдаштыруу, товарларды ташып келүү жөнүндө арызды кабыл алуу, кыйыр салыктарды төлөө, кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү жол-жоболорун жакшыртуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Коррупцияга каршы иш-чаралардын алкагында салыктарды төлөбөө тобокелдиктерин талдоонун жана баалоонун автоматташтырылган системасын өркүндөтүү, ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик иштин түрлөрүн этап-этап менен кыскартуу, салыктык контрактын жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчеттуулукту жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу боюнча инновациялык технологияларды ишке киргизүү турат.

Бардык көрсөтүлгөн иш-чаралар 2020-2021-жылдар ичинде ишке ашырылууга тийиш.

Эскертке кетсек, 2016-2018-жылдары МСКдагы системалык коррупцияны демонтаждоо боюнча 1 жана 2-этаптын иш-чараларынын деталдаштырылган планынын алкагында иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Салык кызматында коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планынын (3-этап) долбоорун иштеп чыгуу менен Салык кызматы КР Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу карап чыкканга чейин 2019-жылдын ичинде 4 иш-чараны толугу менен аткарды.

Атап айтканда, салык мезгили ичинде менчик ээси алмашканда 4-топтогу мүлк салыгын төлөө тартиби кайра каралып чыкты, салык отчету жөнөкөйлөтүлдү, анын ичинде ЕАБдин алкагында, товарларды ташып келүү жөнүндө арызды кабыл алуу, кыйыр салыктарды төлөө, кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү жол-жоболору автоматташтырылды, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функцияларды салык кызматына өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий