• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

МСК: Май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын орнотууга бир ай калды

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлери 2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө АМСти башкаруунун автоматташырылган системасын орнотууну аяктоого милдеттүү экендигин Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Андан соң автоматташтырылган система өлкөдөгү бардык май куюучу жайларда колдонулушу керек.

Жаңы системанын өзгөчөлүгү болуп кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куюусу мүмкүн болбойт, анткени АМСтин май куюучу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты салык кызматынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Башкаруунун автоматташтырылган системасы менен ККМ-онлайндын өз-ара аракеттешүү талаптарына функционалдык жактан дал келбеген учурда ишкерлерге АМСтен мунайзатты чекене сатууга тыюу салынат.

АМСте башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү "Санарип Кыргызстан" санариптик трансформациянын улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жаткан салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат. Автоматташтырылган башкаруу системасы менен катар Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык ККМ-онлайн, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана башкалар сыяктуу фискалдаштыруу компоненттерин ишке ашырууда.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий