• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСК: Салык боюнча план август айында 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Алдын-ала маалымат боюнча, 2020-жылдын август айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 7 млрд 515,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган. Белгиленген план 120,2 % пайызды түзгөн же 1 млрд 265 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 246,6 млн сомго көбөйгөн.

Август айында республикалык бюджет 123 %га, жергиликтүү бюджет 110,2 %га аткарылды.

Август айындагы салыктар боюнча пландуу көрсөткүчтөрдү мындай олуттуу ашыра аткаруу бир катар факторлорго байланыштуу болду.

Атап айтканда, жергиликтүү салыктарды, анын ичинде транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды жыйноо боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып ишке ашырыла баштаган "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар өз жыйынтыктарын берди.

Белгилей кетсек, акыркы үч айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 3,2 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айындагы салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 8 айында 47 млрд 905,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналган.

Пикир

Оставить комментарий