• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: Салык боюнча план сентябрь айында 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында өткөн үч айдын тенденциясын улантып, салык жыйноо планын ашыгы менен аткарды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 папызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Салык кызматы октябрь айы, ошондой эле жалпы үстүбүздөгү жыл үчүн салыктарды толук көлөмдө жыйноо боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий