• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК: Салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Салык органдары жеке жактарга ар тараптан жана толук кандуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 28-марттан 31-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18.00дөн кийин тапшыра алышат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Эскерте кетсек, 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,

– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,

– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Пикир

Оставить комментарий