• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МСК: Салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу ишкерлер үчүн ыңгайлуу болот

Экономика 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул чара юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Алсак, салык төлөөчүлөргө салык боюнча жана камсыздандыруу чегерүүлөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу болот, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын алда канча үнөмдөмөкчү.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды сактоо маселеси боюнча текшерүүлөрдү бир контролдоочу орган тарабынан ишке ашырылгандыктан, текшерүүнүн саны кыскарат.

Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бул иш-чаралар эл аралык «Doing Business” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук төлөнүшүн комплекстүү талдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, салык органдарынын учурдагы ыйгарым укуктарын эске алганда, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камтуунун көбөйүшү жана тийиштүү түрдө КР Соцфондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн өсүшү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 15-январынан тартып мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы КР Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлөт.

Кененирээк маалыматты 194 (МСК) жана 1202 (СФ) номерлери, www.sti.gov.kg жана www.sf.kg сайттары аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий