• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК салык төлөгөн айдоочуларды атайын чаптоочторду акысыз алууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы унаа каражаттары үчүн салык төлөгөн жарандарды салык органдарында салык төлөнгөндүгүн ырастаган атайын чаптоочторду берүүнү талап кылууга чакырат.

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, учурда бардык аймактык салык органдары атайын чаптоочтор менен жетиштүү санда камсыздалган. Алар жарандарга акысыз берилет.

Салык органдары чаптооч баракчаларды берүүдөн кандайдыр бир себептерден баш тартса, МСК чалуу борборуна 194 номери боюнча же МСК борбордук аппаратынын (0312) 61-31-89 “ишеним телефонуна” чалуу зарыл.

Салык төлөнгөндүгүн далилдеген бул чаптооч баракчалар салык төлөөчүлөргө унаа каражаттары үчүн салык төлөнгөн соң жана төлөнгөндүгү тууралуу маалымат берилгенде республиканын салык органдары тарабынан акысыз берилет. Алар салык органынын кызматкеринин колу менен жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Салык төлөө жыл сайын 1-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий