• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МСК салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жылдык планды толук аткаруу үчүн бардык аракетин жумшайт

Экономика 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган бардык милдеттерди сапаттуу жана толук аткаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 2020-жылдын 30-октябрында 9 айдагы ведомствонун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумунда билдирди.

Коллегиянын отурумуна КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн начальниктери жана онлайн режимде аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.

КР биринчи вице-премьер-министри А.Новиков ушул жылдын 9 айындагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу маселесин талкуулоодо Салык кызматынын болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча көрүп жаткан күч-аракеттерин, ошол эле учурда бир катар кемчиликтерин белгилеп, фискалдык органдын алдында турган артыкчылыктуу милдеттерин аныктады.

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген чектөөлөрдүн өлкө экономикасына тийгизген терс таасирлерине карабастан, Салык кызматы жылдын жыйынтыгы боюнча бекитилген планга ылайык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн толук көлөмдө жыйноону камсыздоого тийиш. КР биринчи вице-премьер-министри белгилегендей, бул үчүн ведомство тарабынан кошумча резервдерди аныктоо, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча аналитикалык ишти күчөтүү зарыл.

Ошондой эле салык кызматы бизнес-коомчулук менен активдүү диалог жүргүзүүгө тийиш.

“Мамлекеттин өз жарандарынын алдындагы социалдык кепилдиктерин аткаруу, анын ичинде пенсия жана айлык маяналарын төлөп берүү сиздердин ишиңиздерден көз каранды, ошондуктан сиздер планды толук көлөмдө аткарышыңыздар зарыл. Бирок, мында, бизнеске эч кандай басым жасалбашы керек",– деди А.Новиков.

Ошону менен ал Салык кызматынын ишиндеги оң натыйжаларды, тактап айтканда, акыркы жылдары өткөрүлгөн фискалдык органды реформалоонун натыйжасында октябрь айынын планы 1 млрд сомдон ашык аткарылгандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик салык кызматынын алдында турган негизги милдеттеринин бири кошумча резервдерди эске алуу менен пландык көрсөткүчтөрдү 100 пайыз аткаруу, салык чөйрөсүнө мыйзамдык демилгелерди киргизүү, алкоголдук продукцияларды көмүскө жүгүртүүдөн, анын ичинде товарларды маркалоонун электрондук системасын киргизүүнүн эсебинен чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жана сервистик иш принциптерин киргизүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду эске алуу менен Салык кызматынын ишин кайра форматтоо ж.б. экендигин белгиледи.

Ошондой эле А.Новиков Мамлекеттик салык кызматынын ишин кайра форматтоонун алкагында кызматкерлер өзгөртүүлөргө даяр болуш керектигин, ошондой эле салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, аналитикалык иштерди жүргүзүү жана салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү башкы функцияларына юридикалык жактарды каттоо сыяктуу жаңы функциялар кошуларын эскертти.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев биринчи вице-премьер-министрге алдыга коюлган милдеттерди аткарууда бардык күч-аракетин жумшарын, атап айтканда, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча пландын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кошумча резервдерди аныктоо иштери улантыларын билдирди. Ушул максатта үстүбүздөгү жылдын июнь айында аналитикалык иштер башкармалыгы түзүлгөндүгүн эскерте кетти.

“Эгер кошумча резервдер табылса, анын үстүндө аналитикалык борбор иштейт. Негизги басым аналитикалык ишке жасалат, бизде бара-бара сервистик тейлөөгө карата текшерүү жана контрол жүргүзүлбөй калат. Салык кызматы жыл жыйынтыгында салыктар боюнча планды ашыгы менен аткарат. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү үчүн да резервдер бар", – деп ишенимдүү белгиледи Салык кызматынын башчысы.

Ошондой эле К.Абдалиевдин айтымында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча иштер улантылат.

Коллегиянын жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2020-жылдын 9 айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 55 млрд 55,2 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. План 96,2 %га аткарылып, 2 млрд 170,3 млн сомго кем жыйналган.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасында март, апрель жана май айларында мамлекеттик бюджетке 6,4 млрд сом түшпөй калган.

Акыркы 4 айдын ичинде мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 4,3 млрд сомго кыскартылган. Бул негизинен июнда 1 млрд 351,9 млн сомго, июлда 616,2 млн сомго, августта 1 млрд 287,3 млн сомго жана сентябрда 1 млрд 31,9 млн сомго көп чогултулгандыгына байланыштуу.

Эң эле маанилүү салыктык чегерүүлөр түстүү металл жаатында – 26,4%, сатуу ишканаларында – 14,9%, байланыш түзүмүндө – 6,3%, башка ишмердиктерде – 9,5%, курулушта – 4,3%, профессионалдык ишмердикте – 4,6%, электр энергиясында – 4,1%, финансы кызматында – 6,1%, өндүрүштүн башка тармагында – 2,4% өндүрүлгөн.

2020-жылдын 9 айында 23 млрд 475,5 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, белгиленген план 90,3% аткарылган же 2 млрд 520,5 млн сом кем түшкөн.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрдүн жыйналышы 501,1 млн сомго көбөйдү.

Коллегиянын отурумунда мындан тышкары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, атайын салыктык режимдер боюнча салыктарды башкаруу, ошондой эле салыктык башкарууну санариптештирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жыйынтыктары, салык органдарында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер ж.б. маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий