• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МСК: Сурамжылоого катышкан ишкерлердин 77 пайызы ККМ колдонууну колдойт

Экономика 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Сурамжылоого катышкан ишкерлердин 77 пайызы контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонууну колдошот.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бизнес өкүлдөрүн сурамжылоонун мындай маалымдары Кепилдик фонддун "Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишкердиктин абалына жана анын эксперттик потенциалына баа берүү" изилдөөсүндө келтирилген.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, 53 % ККМ колдонууну толугу менен колдойт, 24 % нейтралдуу, ал эми 16 % колдобойт сыяктуу жана 7 % каршы.

2022-жылдын сентябрында жүргүзүлгөн анонимдүү сурамжылоого жалпысынан 700дөн ашык салык төлөөчү – жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер катышышкан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 60 миңден ашык ишкерлер ККМ колдонот. Жыл ичинде ККМ колдонгондордун саны үч эсеге өстү.

ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөр, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу башка субъекттер колдонушу керек.

ККМди пайдалануу салыктарды адилеттүү төлөө жана бизнести ачык жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт, ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй жыйнагын тариздөөдөн куткарат.

Пикир

Оставить комментарий