• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК 9 айда атайын салык режимдери боюнча салык жана төлөмдөрдү пландан 73,1 млн сомго көп чогултту

Экономика 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 9 айында республиканын бюджетине 2 млрд 247,9 млн сом суммасында атайын салык режимдери боюнча салык жана төлөмдөрдү чогултууну камсыз кылды.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул болжолдук пландан 73,1 млн сомго көп.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 676,7 млн ​​сомго көп жыйналды, же өсүү ыргагы 143,1%ды түздү. Анын ичинде 1 млрд 755,6 млн сомго 745 миң 945 ыктыярдуу патент берилген, бул белгиленген пландан 7 млн сомго көп, же аткаруу 100,4%ды түздү.

234,4 млн сомго 44 788 милдеттүү патент берилип, план 103,4%га аткарылган, бул 7,7 млн ​​сомго көп. Бирдиктүү салыктан түшүүлөр 257,7 млн ​​сомду түздү, болжолдук план 129,1%га аткарылды, бул 58,1 млн сомго көп.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын сентябрында атайын салык режимдери боюнча 250,9 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, болжолдук пландан 77,7 млн сомго көп. Ал эми 2020-жылдын сентябрына салыштырмалуу 31,2 млн сомго көп. Анын ичинен ушул жылдын сентябрь айында ыктыярдуу патенттен 208,5 млн сом, милдеттүү патенттен - 29 млн сом, бирдиктүү салыктан - 13,4 млн сом келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий