• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК: Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө бере баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Дыйкан жана фермердик чарбалардан тышкаркы уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү түрдө өтүшүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мөөнөт салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө ылайык белгиленген.

Мамлекеттик салык кызматы уюмдарды квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып уюмдар салык отчетун электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу тапшырып келишүүдө.

Салык төлөөчүлөрдү отчетторун электрондук форматта берүүгө өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий