• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК: Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун онлайн берүүгө милдеттүү

Экономика 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Дыйкан жана фермердик чарбаларды кошпогондо уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы отчетторду Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу тапшыруу керектигин, жөнөкөй кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуу мүмкүн эместигин билдирет. Отчетторду квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен тапшыруу зарыл.

Уюмдарды отчетторду берүү үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырабыз.

Булуттуу электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын салык органдарынын бирдиктүү терезелеринен, ошондой эле Бишкек шаары боюнча ишкерлерди тейлөө борборунан (Жибек-Жолу пр., 381, 2-кабат) акысыз алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий