• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСК: Жыл башынан бери 17 миңден ашык субъект ККМ колдонууга өттү

Экономика 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Жыл башынан бери 17 миң 68 ишкердик субъект контролдук-кассалык машинаны колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 44 миң 803 контролдук-кассалык машина колдонулууда, анын ичинен 22 миң 239 – аппараттык жана 22 миң 564 – программалык ККМ.

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга чакырат.

Азыркы учурда эки типтеги ККМ колдонулат – аппараттык жана программалык.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Программалык ККМди Play Маркет («Онлайн ККМ» тиркемеси) аркылуу смартфонго бекер жүктөп алууга болот. Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14.

Ошондой эле, Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банкта» коюлган POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышканын белгилейт.

Каттоодон өтүү жана ККМди менен иштөө үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий