• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МСКнын аралыктан окутуу боюнча долбоору JICAнын ийгиликтүү долбоорунун бири деп таанылды

Экономика 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. "Мамлекеттик салык кызматынын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоору Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIСА) ийгиликтүү долбоорлорунун бири катары таанылды.

Бул туурасында Кыргыз Республикасындагы JICAнын туруктуу өкүлү Немото Наоюки Салык кызматынын, JICA долборунун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн жолугушууда билдирди, - деп кабарлайт КР МСКнын басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, JICA дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар кандай долбоорлорго катышып келет. Бирок салык маселелерин чечүү жана ведомствонун кызматкерлерин аралыктан окутуу боюнча моделдик долбоор биринчи жолу ишке ашырылды.

Үч жылдык кыргыз-япон биргелешкен долбоорунун алкагында салык органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын студенттерин аралыктан окутуу системасы ийгиликтүү киргизилди.

Долбоордун аркасы менен Салык кызматынын кызматкерлери жумуш орундарында аз гана убакыт сарптап, смартфон, ноутбук жана жеке компьютердин жардамы менен өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатышат.

JICA өкүлдөрү белгилеп кеткендей, коронавирус пандемиясында пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан долбоор белгиленген мөөнөттө аяктады.

Белгилей кетсек, "Мамлекеттик салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоору аралыктан\электрондук окутууну киргизүү аркылуу салык кызматынын кадрдык дараметин өнүктүрүү жана калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий