• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК башкармалыгынын башчысы Майрамбек Молдобеков пневмониядан каза болду. Некролог

Коом 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы оор жоготууга учурады.

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги Молдобеков Майрамбек Сакинович 52 жаш курагында пневмония илдетинен улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

1992-1993-жылдары Фрунзе тамеки фабрикасында контролер болуп, ал эми 1996-1999-жылдары КР ИИМ катарында кызмат өтөгөн. Андан кийинки эки жылда Бишкек шаардык Биринчи Май районунун калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2001-2008-ж. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын көрктөндүрүү комбинатынын начальниги болгон.

2009-2012-жылдары Октябрь району боюнча салык органынын башчысынын орун басары, андан соң Ысык-Көл облусунун губернаторунун жардамчысы болуп бир жыл эмгектенген.

Каракол шаары (2012-2018), Жайыл району (2018), Свердлов району (2018-2019) боюнча салык органынын жетекчиси, салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары (2019) болгон.

2019-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеген.

Майрамбек Молдобековдун артында бир кызы жана эки уулу калды.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты Майрамбек Молдобековдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Пикир

Оставить комментарий