• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МТБМК “Коопсуз шаар” долбоорунда коррупциялык схеманын жоктугун билдирди

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров “Коопсуз шаар” долбоорунда коррупциялык схемалардын жоктугун билдирди. Бул тууралуу ал долбоордун бет ачарында айтты.

Ал долбоордун алкагында түзүлгөн шарттарда коррупциялык иштерди жасоо татаал жана мүмкүн эмес экендигине ынандырды.

“Ар бир айып пул токтом-документ менен бекитилет. Аны таштап салуу, жасап алуу мүмкүн эмес. Бардыгы мыйзам чегинде болот. Бузуулар үчүн салынган айып пулдун суммасынын бир бөлүгү бюджетке жиберилет, калганы жалданма компанияга. Бюджетке кете турган сумма азырынча бекитиле элек. Учурда биз ушунун үстүндө иштеп жатабыз”, - деди Шатемиров.

Пикир

Оставить комментарий