• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда "Түндүк" мобилдик тиркемесине болгон кызыгуу өсүп жатат

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемесине болгон кызыгуу өсүп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мобилдик тиркеменин көп жүктөлүшүнүн себеби санариптик документтердин юридикалык күчкө ээ болуп, өлкө аймагы боюнча күчүнө киргендиги болуп саналат. Аталган тиркемеде санариптик документтер да бар.

Статистикага ылайык:
Google play боюнча:
- январь айы боюнча активдүү колдонуучулар - 71.3К;
- тиркемени жүктөгөн учурлары - 129,719.
Appstore боюнча:
- январь айы боюнча активдүү сессиялары - 26, 981;
- жүктөгөндөр - 43, 202.

Колдонуучулардын саны күн сайын арбып баратат, мындай көрүнүш “Түндүк” мобилдик тиркемесинде камтылган санариптик документтерге жана кызматтарга болгон жарандардын кызыгуусунан жана муктаждыгынан кабар берет.

“Түндүк” мобилдик тиркемесинин дагы биз өзгөчөлүгү санариптик документтерди камтышы болуп саналат, санариптик документтерди жарандар активдүү колдонушат.

Мобилдик тиркемеге кирүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- Калкты тейлөө борборунан акысыз түрдө булутка негизделгенэлектрондук кол тамганы алуусу керек;
- “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу идентификациядан (таанып-билүүдөн) өтүү керек.

“Түндүк” мобилдик тиркемеси - Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле адам факторун азайтуу жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык түзүүчү элементин жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасы маалыматтык технологияларды ишке киргизүүгө жогорку маани берет

Пикир

Оставить комментарий