• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МТС «Гүлнара Каримовага пара берүү» ишинин алкагында $850 млн айыппул төлөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 08.03.19 /Кабар/. МТС компаниясы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага пара берүү иши боюнча АКШнын Юстиция министрлиги менен макулдашууга келди. Ага ылайык, компания жалпысынан 850 милллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөйт.

2014-жылы башталган америкалык тергөөнүн маалыматтарына ылайык, МТС Өзбекстандын базарына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага таандык түзүмдөргө пара берген. МТСтин акциялары АКШ биржаларында сатылгандыктан, компаниянын ишмердүүлүгү америкалык юрисдикцияга карайт.

2015-жылы Гүлнара Каримовага каршы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон. Анда ал кеминде алты телекоммуникациялык компаниядан 1 миллиард долларга жакын пара алган деп айтыпталган.

Каримовага Өзбекстанда дагы бир нече айып тагылган. 2017-жылы өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу жана офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга соттолгонун билдирген.

Бирок бир жылдан кийин Ташкент облустук соту анын жаза мөөнөтүн беш жылга кыскартып, үй камагына чыгарган. Быйыл мартта Каримова жаза өтөө шарттарын бузгандыгы үчүн кайрадан абакка камалды.

Пикир

Оставить комментарий