• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтий АКШдагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чикаго шаарындагы 3418 W Ainslie St, Chicago, IL 60625 дарегинде жалпы кыргызстандык мекендештерибиз менен жолугушуп, алардан кабар алды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жолугушуу суроо-жооп жана лекция, баяндама форматында өтүп, Азирети Муфтий алгач кыргыз элинин саламын жеткирди. Андан соң Азирети Муфтий кыргызстандагы диний абал, ыйман, адеп-ахлак, кулк мүнөзүн жакшылыгы, мекенди сүйүү, ата-энеге кызмат кылып, алардын ыраазычылыгын табуу темаларында баяндама жасап, мекендештерибиздин ар кыл суроолоруна жооп берди.
«Бул жердеги мекендештерибиз ар кыл кесиптин ээлери экен. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Адамдардын эң жакшысы адамдарга пайда жеткирүү» деп айткан. Пайгамбарыбыз мусулмандарга эле пайда жеткирсин деген жок, адам баласынын бардыгына пайда жеткириши керек. Ал бирөөнүн көңүлүн көтөрүппү, акчалай жардам бериппи, же курсагын тойгузуппу айтор кандай гана адамзатына пайда жеткирген адам Алла Тааланын алдында эң жакшы адам»,-деди Азирети Муфтий мекендештерибиз менен болгон жолугушууда.

Ошондой эле, Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев АКШДагы мекендештерибизди ыймандуу болууга чакырып, эл-жер, мекен үчүн ак дилден кызмат кылууга үндөп, алардын иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий