• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтий Египет мамлекетинин маданият министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 28.09.17. /Кабар/. КР муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин маданият министри доктор Халми ан-Нимним, Египет мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Хайсам Салах Камель Ибрагим жана Египет мамлекетинин муфтийинин орун басары Ахмад Мамдух Саъд менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы аткарылып жаткан иштер боюнча учкай маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий