• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтий: Курман айт — кайрымдуулуктун, жоомарттыктын майрамы

Коом 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Муфтийдин куттуктоосу:

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм.

Куттуу Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун майрамы. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот. Аларга кол сунуп, көмөк көрсөткөн сооп иштерди Жаратканыбыз кабыл кылган болсун.

Жыл башынан бери дүйнөнү каптаган пандемия баарыбызды сыноого салып, оорунун арты менен көптөгөн жоготуулар болуп, адамзаттын жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болду. Кыргызстан дагы бул илдеттин запкысын тартып, ар бирибиздин кабыргабызды кайыштырып, арабызда бир катар асыл момун мусулман бир туугандарабыздан, аалымдарыбыздан айрылдык. Алардын жаткан жерин бейиштик кылып, Жараткан Алла Таалам өз рахматына алсын.

Азыркы маалда илдет менен алышып жаткан бир туугандарыбызга шыпаа берип, эртерээк сакайып, арабызга кошулсун. Башыбызга келген бул апааттан чыгууда эң башкысы чөкпөйлү, жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Дүрбөлөңгө алдырбайлы. Бул күндөрдүн, кыйынчылыктын артынан жакшылык келээрин эсибизден чыгарбайлы. Ал күчүбүз барында колубуздан курмандык чалуу келбесе дагы жакын адамдарыбызга, туугандарыбызга жакшы сөзүбүздү арнайлы.

Урматтуу кыргыз элим, мекендештер!

Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында элибизди ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Алла Таалам бул эпидемиядан эртерээк чыгарып, элибизге ден соолук, журтубузга ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун!

Ар бирибиздин бул күндөрдө курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын кабыл кылып, ырыскыларын кең кылып, Жараткан Алла Таалам эселеп соопторун жаадырсын. Курман айтыңыздар маарек болсун!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Пикир

Оставить комментарий