• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий М.Токтомушев кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы Кыргызстандыктарды Рамазан айынын кирип келүүсү менен куттуктады,-деп билдирет КМДБнын басма сөз кызматы.

Кутукттоонун текстин толугу менен келтиребиз:

Урматтуу Кыргыз элим, жалпы Кыргызстандын жарандары! Сиздерди Улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм!

Жараткан Алла Таала: “Эй ыйман келтиргендер! Силерден мурунку өткөндөргө парз кылынган сыяктуу, силер да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды” (Бакара. 182). – деп ыйык Куранда эскертет.
Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн ай. Алла Таала Рамазан айына артыкча кут береке берип, аны «Он бир айдын султаны» атаган. Андыктан Рамазан айында орозо кармоо жекелик жана коомдук ибадат болуп эсептелет. Алла Таала бир Хадиси Кудсиде “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,- деди. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүсүнө көмөк болуучу кайрымдуулуктарга ээ. Бул улуу айда жасалган жакшылыктардын сообу башкача болуп, ашыгы менен берилет. Анткени пайгамбарыбыздын хадисинде “Бул ай улуу берекелүү ай, бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандай сооп ала” деп айтылган.

Улуу Рамазан айы бул Алла Тааланын пенделерине берген сыноосу. Кээде кышында, кээде ушундай ыссык жайкы кундө туура келип калат. Канчалык кыйынчылык менен боло турган болсо, ошончолук орозонун сообу, берекеси көп болот. Орозонун касиети орозо туткан адам күндүн ысыктыгынан чаңкаганга чыдап койсо, Жараткан өзү ал адамды өлүмдүн чаңкоосунан, акыреттин чаңкоосунан сактаганга себеп кылат. Ошондуктан мусулман баласы Аллага болгон кулчулугун аткарып койсо, Жаратакандын сообу аябагандай көп болот.

Орозо – бул ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Анын ыраазычылыгы үчүн орозо кармап, Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Алланын салам дубалары болсун) бир хадисинде орозолуу адамдар тууралуу мындай деген: “Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Жараткан Алла Таала менен жолугуп, туткан орозосу үчүн кубанган учуру.” (Муслим)

Урматтуу мусулмандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн, эки дүйнө бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын!

Сиздерди терең урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Пикир

Оставить комментарий