• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кечээ, 6-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапар алкагында муфтий алгач Баткен казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, облус казысынын 8 ай аралыгында аткарган ишинин отчёту менен таанышты. Муну менен катар иш сапар учурунда өлкөдөгү абалга жараша мечит, медреселерде КР Өкмөтү жана КМДБ тарабынан бекитилген тартипти, сактык эрежелерди бекем сактоо боюнча тапшырмалар берилип, эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү керектиги айтылды. Ошондой эле Азирети муфтий медреселердин абалы жана жаңы окуу жылына карата онлайн кабыл алуулары, окуу жылына карата онлайн режиминде сабак өтүүгө даярдыктар менен таанышты.

“Казыят кызматкерлери жана райондук баш имамдары жана жалпы дин кызматкерлери функционалдык милдеттерин так аткаруусу милдеттүү. Нике каттоо журналы менен ар бир имам кылдат иш алып барсын. Бул үй-бүлө институтунун бузулуусуна жол бербейт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуубуз керек жана бул боюнча атайын иш-чараларды өткөрөлү. Пандемияга байланыштуу аялдардын окуу борборлору дагы токтоп калды. Биз абал турукташканда бул аялдар окуу борборуна көңүл буруп, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп туруубуз зарыл”, - деди Максатбек ажы Токтомушев

Жолугушуу учурунда облустук казыяттын жана баш имам хатиптердин аткарган иштери боюнча отчётторун угуп, парламенттик шайлоодо диний кызматкерлери кызматын колдонуп үгүт жүргүзбөөсү керек экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий