• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 10-февралда арызын жазып, кызматтан кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КМДБнын башкы бухгалтеринин кармалышы боюнча комментарий соттун чечиминен кийин берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтери кармалгандыгы маалымдалган.

Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтотуусу үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий