• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвада өткөн дин башкармасынын VII съездине катышты

Коом 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы борбордук мечитте өткөн Россиянын дин башкармасынын VII съездине катышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Иш-чара РФ муфтиятынын иш алып барганынын 25 жылдык мааракеси менен башталып, ага бир катар өлкөнүн муфтийлери, диний ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, чет элдик коноктор катышты.

Съезд учурунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиянын муфтийи Шейх Равил Гайнутдин менен жолугушту. Эки өлкөнүн дин башкармалыктары көп жылдан бери үзүрлүү кызматташып келе жатканын белгилеп, муфтияттын бүгүнкү мааракелик күнү менен куттуктады.

Ал эми Шейх Равил Гайнутдин 115 жылдык тарыхы бар Москванын борбордук мечитинде мааракенин катышуучуларына кайрылып, акыркы жылдары бул мечит мурунку союздаш мамлекеттердин мусулмандарынын ибадат кылуучу жайына айланганын, орусиялык мусулмандардын ислам баалуулуктарын жайылтууда кызматташуу улана берээрин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий