• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий Баткен облусунун башчысы менен жолугуп, аймактагы диний абал талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кечээ, 6-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда муфтий Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, аймактагы диний кырдаал талкууланды. Анда Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, облустук казыят жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу керектигин билдирди.

Жолугушууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана Азирети муфтийдин түштүк аймагы боюча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов катышты.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна расмий иш сапары менен барган.

Пикир

Оставить комментарий