• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтий менен Катардын КРдагы элчиси достук алаканы чыңдоо жаатында пикир алышты

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Юсуф аль Сулейти менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, мамлекеттер арасындагы достук алаканы чыңдоо жаатында пикир алышты.

Өз кезегинде Азирети Муфтий Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Юсуф аль Сулейтини Кыргыз Республикасына элчи болуп келиши менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, КМДБ кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий