• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРнын Муфтийи жана Нарын облусунун башчысы аймактагы диний абалды талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/ Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аймактарды өнүктүрүү жылындагы облустук администрация тарабынан аткарылган иштер, мечиттердин каттоосу, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, аймактагы инфрастуктуранын өнүгүп жаткандыгы боюнча маалымат берип, бул жетишкендиктер элдин колдоосу менен болуп жактандыгын билдирди.

Ал эми муфтий Максатбек ажы Токтомушев облус жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматташуусунун натыйжасында ар кандай терс диний агымдарга бөгөт коюлуп, коомчулук, жаштар туура жолго түшүп жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий