• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтий Ош облустук казыятынын жаңы имаратынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.18 /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облустук казыятынын жаңы бүткөрүлгөн имараты менен таанышып, казыят кызматкерлери менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыяттын 3 кабаттуу имаратынын ичинде болжолдуу пландалган жыйындар залы, кеңсе бөлмөлөрү жана окуу борбор залдары менен тааныштырды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

“Казыяттын 3 кабаттуу офисттик имаратынын ичи толук бүткөрүлдү. Азыркы учурда имараттын сыртын шыбоо жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Казыяттын 1-кабатында жыйындар залы, 2-кабаты офисттик кабинеттер жана 3 кабаты окуу борборго пландаштырылып, кызматкерлердин иштөөсү үчүн интернет жана телефон байланышы туташтырылды. Мындан сырткары кичи ашкана, күтүү залы жана архивдик бөлмөлөргө да өзүнчө жайлар ажыратылган. Ошондой эле казыяттын алдында заманбап даараткана, унаа токтотуучу парковкалар курулууда. Казыятка жанаша салынган 3 кабаттуу мечиттин курулушу дагы жакынкы айларда толугу менен бүткөрүлөт”-деди С.Атабаев.

Мындай алгылыктуу иштерге Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ыраазычылыгын билдирип, жаңы имарат дин мээнетин жүргүзүү үчүн кызмат кылуусуна өз батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий