• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муфтий өлкө президентин шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы №1036 шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна барып, өзүнүн добушун берди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев ар бир жаранды шайлоого активдүү катышып, атуулдук милдеттерин аткарууга чакырды. Ошондой эле бүгүнкү шайлоонун тынч, адилет жана таза өтүшүн Жараткандан тилеп, элибизди биримдиктүү, ынтымактуу болууга үндөдү.

Пикир

Оставить комментарий