• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий Токтомушев Бакуда өткөн дин өкүлдөрүнүн экинчи саммитине катышты

Коом 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баку шаарында Бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн башын бириктирген саммитке катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сз кызматы билдирет.

Дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн экинчи саммити Азербайжан мамлекетинин президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинин муфтийлери, дин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жалпы 500гө чукул коноктор чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө диндер аралык кызматташтыкты мындан дагы жандантып, терроризм жана эсктремизм менен күрөшүү, аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча маселелер каралып, саммиттин жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий