• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муфтий Токтомушев Казакстандагы илимий-диний конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстанда өтүп жаткан «Руханий Жибек-Жолу, Ислам жана жаштар: Бүгүнкү күндүн чакырыктары» аталышындагы IV Эл аралык илимий-диний конференцияга катышууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган концеренцияга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Кадыр ажы Маликов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев, Орусия Муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин, Өзбекстан мамлекетинин муфтийи Усмонхон ажы Алимов, Қытай Ислам ассоциациясынын төрагасы Хасан Фа Мин, Монголия мамлекетинин муфтийи Батырбек Хадыс, Финляндиядагы Ислам ортолугунун төрагасы Голтен Бедретдин баштаган 300 делегат катышып, бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашууда.

Максатбек ажы Токтомушев бүгүнкү күндө жаштар арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү керектигине токтолуп, жаштар эртенки күндүн келечеги экендигин баса белгиледи.

«Биз жаш муундарыбызга жакшы тарбия берип, аларды ыймандуу, зирек, адептүү жана билимдүү кылып тарбиялашыбыз керек. Билим алуу ийне менен кудук казгандай - демекчи жаштар жаштайынан тартып билим алууга умтулуусу зарыл. Бул жаштык кездеги эң бир ыңгайлуу учур», - деди өз сөзүндө муфтий.

Пикир

Оставить комментарий