• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Муфтий Токтомушев: Орозо айт – жакындарга болгон жакшылыкты, кам көрүүнү чагылдырган салтанат

Коом 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу мусулман бир туугандар жана эже карындаштар!

Улуу Орозо айт майрамы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм. Эзелтен эле бул майрам тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы.

Орозо кармоо — бизди бул дүйнөдө жамандыктардан сактап, акыретте болсо тозоктун азабынан коргогон жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишине себепкер болгон абдан маанилүү ибадат. Орозо кармоо — тек гана белгилүү бир мээнетке ачка калуу көрүнүшү эмес. Орозо адамдын бүтүндөй эркин тарбиялайт. Адамды жаман адаттардан арылтып, жакшы мүнөздөр берген бир ахлак тарбиясы болуп саналат. Орозо аркылуу коомчулукта мээримдуулук жана боорукердик сезимдер артып, адамдардын ортосундагы өз ара мамилелер чыңдалат. Жараткандан сунулган Орозо Айт майрамы – бул жакындарга болгон жакшылыкты, кайрымдулукту, кең пейилдик менен кам көрүүнү чагылдырган салтанат. Ушул күндөрү жетим жесирге, кары картаңга, жалпы эле муктаж болгондор менен майыптарга жасалган жардамдар жүрөктөрдү кубаныч менен шүгүрчүлүкө толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт.

Орозо айт майрамын бул коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө ошондой эле тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келет. Жараткан Алла Таала баарыбыздын үмүт-тилегибизди кабыл кылып, берекесин жаадырсын! Өлкөбүздө дайыма тынчтык болуп, биримдик менен ынтымак кетпесин! Жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, мол ырыскы, тунук ыйман, бейпил жашоо, ийгилик жана береке каалайм.

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын

Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токомушев

Пикир

Оставить комментарий