• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Муфтий Токтомушев Париждеги «Ислам жана глобалдашуу маселелери» форумуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Парижде өтүп жаткан «Ислам жана глобалдашуу маселелери» аталышындагы XIV Эл аралык форумга катышууда.

Форумга Европа, Азия мамлекеттеринин муфтийлери, серепчилер жана Евразия чөлкөмүнөн 40тан ашуун диний мекемелердин жетекчилери катышып, тажрыйба алмашуу, үммөттүн биримдик жана ынтымагы, тынчтык жана көп маданияттуу коомдогу ынтымак, укуктук жана адеп-ахлактык чечимдер, Ислам келечеги, радикализмге жол бербөө маселелери каралууда.

Форум Франция мусулмандар кеңеши ( Conseil français du culte musulman), Франция мусулмандар биримдиги (The Rally of Muslims in France), Фрация “Улуттук көрүнүш” уюму Federation «Millî Görüş») жана Россия илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалар институту тарабынан уюштурулууда.

Форумдун алкагында Азирети Муфтий Россия Федерациясынын, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин муфтийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, илимий жыйындарды биргеликте уюштуруу жаатында пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий