• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтий Замир Ракиев бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесине мүчө болду

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесинин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулган «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференциянын алкагында бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесине мүчө болуп, алгачкы отурумга катышты.

Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, муфтий мекеменин бардык мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, конференциянын ийгиликтүү өтүүсүнө тилектеш экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий