• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий Замир Ракиев Каирде өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев жана муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесинин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференцияга катышууда. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл аралык конференцияга 85 өлкөнүн муфтийлери жана дин аалымдары катышып, анын алкагында эпидемия жана технологиялык өнүгүү доору, фатва берүүдө санариптик ыкмаларды колдонуу боюнча маселелер талкууланууда.

Ал эми конференция 3 секцияга бөлүнүп, биринчи секцияда «Жамааттык фатва берүү: реалдуулук жана келечектеги үмүттөр, экинчи секцияда «Санарип доорундагы фатва берүү мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана эффективдүү моделдер», үчүнчү секцияда «Эпидемия учурундагы фатвалар: методдору жана механизмдери» темалары боюнча докладдар окулуп, талкуулар жүрүүдө.

Ал эми муфтий Ракиев бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесине мүчө болуп, отурумга катышты.

Пикир

Оставить комментарий