• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Муфтий жалпы кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 11.08.19. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кыргызстандыктарды улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм.

Динибиздеги бул майрам адам баласы үчүн эң ыйык баалуулуктар менен кошо, коомчулук үчүн зарыл болгон тынчтыкты, ынтымакты, боорукердикти жана кайрымдуулукту чагылдырган мусулмандардын башкы майрамдарынан болуп эсептелет. Бул майрам ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып, туугандар ортосундагы урмат-сый жана бир туугандык сезимдерин, мээримдүүлүктү күчөтүп, ыймандын үлгүсүн көрсөткөн, инсандардын асыл сапатын арттырууга өбөлгө түзгөн улуу майрам.

Ислам динибизде зуль-хижжа айынын биринчи он күндүгү өзгөчө күндөр болуп эсептелет. Бул күндөрдө кылынган ибадаттар да өзгөчө баалуулукка ээ. Курман айт кубанычтын күнү. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат. Бул ибадатга (аль-Удхия) акыретте көптөгөн сооптор жазылат.

Биздин мамлекетибизде Курман айт коомубуздун турмушундагы маданий жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлеп келет. Коомду руханий жактан тазалоого, жаңы муунду патриоттук сезимде тарбиялоого жана адеп-ахлактын принциптерин сыйлоого көмөк көрсөтөт. Мусулмандар кайрымдуулук иштерине, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого жигердүү катышуу менен улуттар аралык жана диндер аралык өз ара аракеттешүүнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келет.

Куттуу Курман айт майрамы Алла Таала тарабынан берилген жана ал жакшылыктын, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, жакындарга болгон боорукерликтин жана камкордуктун салтанатын чагылдырат. Бул күндөрү жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга жана жалпы эле муктаждарга көрсөтүлгөн жардамдар жүрөктөрдү жакшылык жана ыраазылыкка толтуруу менен бийик сезимдерди ойготот. Аларга кол сунуп, көмөк көрсөткөн сооп иштерди Жаратканыбыз кабыл кылган болсун.

Алла Таала бардык дуба, тилектерибизди кабыл кылуу менен берекесин жаадырсын! Мамлекетибизде ар дайым тынчтык, элибизде ынтымак жана биримдик болсун! Ооруп жаткан мусулмандарыбызга Жаратканыбыз шыпаасын, жаштарыбызга ыйман берсин!

Жалпы кыргызстандыктарга, ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо, бекем ден соолук, ийгилик жана аманчылык каалайм! Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Пикир

Оставить комментарий