• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муфтий жалпы кыргызстандыктарды жол эрежесин сактоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды жол эрежесин сактап, этият болууга чакырды. Азирети Муфтий жол эрежесин бузган айдоочулар бейгүнөө адамдардын, наристелердин өмүрүн кыйып, канчалаган балдарды жетим калтырып, көптөгөн үй-бүлөлөрдү кайгыга салып жаткандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу муфтияттын басма сз кызматы билдирет.

«Бул өзүн-өзү өлтүргөнгө барабар. Эгер бирөөнүн өмүрүн кыйып атса, атайлап өлтүрүүгө барабар. Шариятта адамдын каны өтө баалуу, ааламдан дагы баалуу, миллиард доллар болобу адамдын канына эч тете эмес. Келиңиздер жол белилерди так сактап, этияттап айдайлы»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Токтомушев айдоочуларды шашылбай айдап, белгиленген жерге жарым саат же бир саат кечигип барса дагы шашпай, аман-эсен барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий