• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муфтий: Жаштарга туура тарбия берүү мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн ачкычы

Коом 0

Бишкек, 22.11.18. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн Талас облусундагы бийлик жетекчилери, дин кызматкерлери жана шаар тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуунун алкагында Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасы, ыйман жана адептүүлүк, улуттар арасындагы достукту бекемдөө, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, жол эрежесин сактоо, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жою, мектеп окуучулары арасындагы рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салууну токтотуу жана коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытында карапайым калк арасында түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү сыяктуу бир топ маселелери каралды.

“Мамлекетибиз качан өнүгөт? Качан алыскы аймактагы айылдагы адамдардан тарта жетекчилерге чейин адамдардын жүрөгү оңолсо, жараткандан коркуу сезими болсо, ошондо мамлекетибиздин өнүгүүсү болот. Жаштарга туура тарбия берүү келечекте мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн ачкычы экенин белгилеп кетишибиз керек. Келечек муунду тарбиялоодо биздин ролубуз чоң. Ошондуктан биздин мойнубуздагы милдет көп экенин сезе билип, тарбиялык мааниси чоң иш чараларды уюштурушубуз керек”, - деди Максатбек ажы Токтомушев:

Андан сырткары Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус аймагындагы диний кырдаал жөнүндө айтып берип, бир жылда аткарылган иш чаралар тууралуу келген жыйындын катышуучуларына маалымат берди.

Жыйындын соңунда Максатбек ажы Токтомушев шаар тургундары менен баарлашып алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кенжетай ажы Курманходжаев жана Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий