• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Муфтият: Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет.

"Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 31-июлундагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий